Борбор калаадагы Аламүдүн базары жайгашкан райондо таксисттерге нааразы болгон тургундар көп. Буга чейин айдоочулар өз билемдикке салып, автоунааларын туура эмес жерге токтотуп алгандыктан, базарга кирип-чыккан сатып алуучулар менен сатуучуларга тоскоолдук жаратып жатат деген кайрылуулар болгон.
Ал эми бул жолу, Алма-Ата көчөсүнүн Жибек-Жолу көчөсүнө жетпей жайгашкан аялдаманын алдына унааларын токтоткон таксисттердин айынан, ал жерде тыгын пайда болуп, маршруттук унаа күткөндөргө жолтоо болуп жатышат,- деп кайрылат шаар тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.