Элдик репортер: Ала-Букалыктар өзбек каналдарын көрүүгө аргасыз...
Новость

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургундары Кыргызстан санарипке  өткөндөн бери кыргыз телеканалдарын көрүүгө зар. Учурда айла жоктон өзбек каналдарын көрүп жатышат. Санариптин сигналдарын таркаткан тиешелүү мекемеден кыргыз каналдарын жөнгө салууну суранат.  

Сыналгы көрүп атканда бир нече саатка катып калат болбосо экран чыбырчыктап көрүүгө мүмкүнчүлүк болой калат. Ошол эле учурда санариптеги өзбек каналдары туптунук көрсөтүүдө. Биз айласыздан өзбек каналдарын көрүп жатабыз - деп билдирет окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.