Элдик репортер: Чоңдордун жоопкерчиликсиз мамилесинен, таза суу талаага кетип жатат
Новость KTRK/videograp

Ысык-Көл облусунун Бостери айыл өкмөтүнө караштуу Бактуу-Дөлөнөтү айылында, Көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткан ипподромдун бет маңдайында жаңы конуш түшкөн. Жаңы конуштун тургундарынын айтымында, бийлик өкүлдөрүнүн убагында көңүл кош мамилесинен азыр таза суусуз олтурушат. 

Ипподром салынып жатканда, ага тартылып жаткан суу түтүктөрүн биздин конушка чейин тартып берүүсүн суранып, тургундар жетекчиликке кайрылганбыз. Биздин кайрылуубузду ошол убактагы Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узар Жылкыбаев, райондун акими, айыл өкмөтү угуп, маселени чечип беребиз деп, бизди жолго салышкан. Бирок, жоопкерчиликсиз мамиленин айынан, учурда биз таза суусуз калдык. Ал эми, таза суу талаага агып жатат. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.