Элдик репортер: Чирип, араң турган электр түркүгүн алмаштыруу зарылдыгы турат
Новость KTRK/videograp

Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын Коммунаров көчөсүндөгү №144 үйдүн алдындагы электр түркүгү ийилип, араң эле турат. Мындай маалыматты кооптуулук жараткан электр түркүнүн жанында жашаган үй ээси жиберген. Анын айтуусунда тиешелүү мекемелерге бир нече жолу кайрылган. Бирок кайрылуудан жыйынтык болгон эмес. Анысы аз келгенсип араң турган түркүккө Акнеттин кабелдерин илип кетишкен.

Электр тармагында иштеген кызматкерлерге кайрылганда, силердикинен жаман абалдагы түркүктөр турат. Кезеги менен кылабыз деген жообун айтышты. Ал эми бул жерге кезек жеткиче, бир күнү катуу шамалга туруштук бере албай кулап кетсе эмне болот?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.