"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургунунан ЗАО "Актан" ишканасы чыгарган желим идиштин ичиндеги быштак менен кошо салынган чымынды сүрөткө тартып жиберишкен. Эске салсак, бул биринчи жолу эмес. Буга чейин самсынын, сосисканын ичиндеги курттар, фарштан табылган кагаз (http://www.ktrk.kg/post/22276/kg), мөөнөтү өтүп кеткен товарлар (http://www.ktrk.kg/post/22309/kg , http://www.ktrk.kg/post/22317/kg) жөнүндө маалымдамалды чыгарганбыз. Бирок санэпидемстанциядан эч кандай жооп боло элек.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.