Элдик репортер: Арыктарга суу жетпей эгиндери күйүп кеткен Кара-Суу айылы
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына  Токтогул районунун Жаны-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын тургундары төмөндөгүдөй маселе менен кайрылышкан.

Алардын айтымында, Улуу Урматтуу президент "2018-жылы аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. Кара-Суу айылында Тош-Арык каналына 2017- жылы 300 миң сом акча бөлүнгөн жарымы казылып, калганын күздө казабыз деп күздө казылган жок, жазда деп жазда да казылган жок. 2018-жылы "спец фондтон" 400 миң сом бөлүнгөн. Айыл өкмөтү ушул убакытка чейин казтыртып бүтө элек. Кара-Суу айылында 150га (гектор) жер суугарылбай турат жерлер курап жатат арыктарга суу келе элек, себеби бизге суу Тош-Арык каналы менен келет.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.