"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну төмөндөгүдөй маселе менен кайрылып өттү.
Биз көтөргөн маселе шаардын тазалыгы жана бак-дарактардын аянычтуу абалы боюнча. Бул иштерге 'Уй башкармалыгы' мекемеси жоопкерчилик кылуусу милдет. Бирок тилекке каршы үйлөрдү жана короолорду кам кордукка алуу учун такай жумушчу жалдашпайт. Жалдаган жумушчулары тез эле жумушун таштап кетип калышат же өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарышпайт. Демек маяналарын да жакшы төлөп беришпегендигин кээ жумушчулар өздөрү нааразы экенин айтып чыгышты.
Андан да курч маселе бак-дарактардын каралбай куурап жатышы күнүмдүк эмес кылымдык көйгөй. Жашыл шаарыбызды аздектеп асырап ала албасак жаш бактарды эч качан өстүрө албайбыз. Азыркы өсүп турган бактар бир сууга гана муктаж. Өзүбүздө шаркырап агып жаткан сууларды зарыл жерлерге жеткирип бере албагандан кийин башка муктаждык жөнүндө кеп кылууга болобу? Шаар башкармалыгы, уй башкармалыгы, шаардыктар негедир баары кайдыгер. Көп дарактар куурап, башындагы чоң-чоң шактар ар бир шаардык үчүн өтө кооптуу. Жашыл шаарыбыз кунарсыз бозоргон шаарга айланып кала электе тиешелуу орган, мекемелер талапты күчөтүп, ушул көйгөйдүн чечимин камсыздашын талап кылабыз.
Ал эми бул видеодо көрүп турган таштандылар Турусбекова менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги 41чи үйүндүн короосу.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.