Теңир-Тоодо Көчмөндөр оюнуна чыгаан бүркүттөрдү тапташууда
Новость

POST1RIGHT

Теңир-Тоодон быйыл өтө турган оюндарга баштагыга салыштырмалуу көп барары күтүлүп жатат. Арасында колунан көөрү төгүлгөн уздардан баштап, билеги күчтүү балбандар бар.

8 жаштагы Нурисламдын кыялы орундалды. Анткени анын бүркүтү Датка экөө быйыл 3-Көчмөндөр оюндарына барат. Азыр даярдыктарды күчөтүп, күнүнө жок дегенде 3-4 саат кыраан куштун жанында болот.

Өзүнчө кыялы бар Оймок Кыргызстандагы чыгаан 3 бүркүттүн катарын толуктайт. Дал ушул куштар дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө өлкөнүн намысын коргошот. Учурда мүнүшкөрлөр тыным албай бүркүттөрүн бапестеп багып, таптап жаткан кези.