Элдик репортер рубрикасына шаар тургуну кейиштүү абалдагы 4-шаардык оорукананын жанындагы сейил багын видеого тартып жиберген.
Бак-дарактар сугарылбайт, таштанды чогултулбайт, анысы аз келгенсип авто унаалар токтоп турат сейил бактын ичинде, - деп билдирет окурман. Чындыгында, видеону көргөндө бул сейил бак деп айтуу кыйын экен. Сейил багынын абалы ушундай болсо, Ленин районунун администрациясы эмне иш кылып атат болду экен?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.