Элдик репортер: Мал ичкен суудан ичип, ар кандай ооруга чалдыгып жатабыз
Новость

Таза суунун зарын тарткандардын арасында Ош облусунун  Кара-кулжа районундагы  Жетим-Дөбө айылынын тургундары да бар. Алар сууну бир нече чакырым алыста жайгашкан колоттон ташып ичишет. 

Айылга суу кичинекей түтүк менен 5 чакырым алыстыктагы колот аркылуу келет. Суу аз чыккандыктан бала-чаканы ээрчитип керелден кечке кезекке туруп алмай. Ушул көз жашындай тамчылаган суу да 1 айдай чыкпай, коңшулаш айылдардан ташып куурадык. Суунун башынан мал ичкендиктен айылыбызда ар кандай ичеги ооруларына чалдыккандар көп. Бизге бийлик башындагы төбөлдөр сууну мындан 2 жыл мурун тартып беребиз деген убадаларын берип кетишти эле. Бирок убада жерде калгандай...


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.