Токмок шаарындагы Сахзавод айылынын тургундары "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жиберген. Анын айтымында, Сахзавод айылынын четинде кош жайгашкан бул заводдо кара түтүн чыгат. Мурун кара түтүн чыкчу деле эмес, акыркы 2 жылдан бери мазуд жагып жатышат. Андан чыккан кара түтүн айылды каптап жатат. Айыл тургундары чогулуп, мэрияга барганбыз, эч кандай жардам берген жок. Дүйшөмбү күндөн баштап ишемби күнгө чейин кара түтүн каптайт. Ушундай кара түтүн менен дем алып жатабыз, -дейт кайрылуусунда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.