"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген.
Куреңкеева көчөсүнүн бир бөлүгү Школьная көчөсүнөн Ибраимова көчөсүнө чейинки Күреңкеев көчөсүнүн бир бөлүгүндө жакында эле оңдоо иштери аяктады. Бирок! Бирок тротуар жок! Бул көчө кичинекей экендигине карабастан авто унаа тынбайт жүрөт. Коляскадагы балдары менен же колдоруна балдарын жетелеп ата-энелер көп жүрүшөт. Мектеп курагындагы балдар мектепке барышат же жөн гана эшикке чыкканда кооптуулук жаралат. Эмнеге аягына чейин чыгара жазашпайт бир ишти? Эмнеге сөзсүз бир жери калтырып коюшат? - деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.