Биздин рубрикага Ош шаарынан тартып, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондору менен бирге Сүлүктү шаарын байланыштырган жолдогу көпүрөнүн абалы боюнча буга чейин дагы бир нече жолу кайрылышкан.
Айдоочулардын, борборго каттаган тургундардын нааразычылыгын жараткан жол Ноокат районунун Көк-Жар айылынын батыш тарабында жайгашкан. Көпүрөнүн тардыгынан бул жерде кээде сааттап тыгын пайда болот. Жүк ташыган унаалардын өтүп жатканы дагы кооптуу. Анткени бирде болбосо бирде бул көпүрө урап түшүүсү мүмкүн,- дейт маалымат жөнөткөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.