Ысык-Көлгө барып, эс алгандардын арасында кырсыкка учурап сууга чөгүп кеткендер тилекке каршы жыл сайын катталат. Быйыл дагы суунун курмандыгына бир нече адам кабылышты.
Алардын арасында ата-эне көз жаздымынан чыгып кеткен жаш балдар да бар. Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын билдирүүсүндө сууга кызыгып, бир топ алыс сүзүп кеткен бала чөгүп кете жаздаган. Аны убагында көргөндөр тез арада сүзүп барып куткарып калышкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.