Элдик репортер: Жол чырактын жоктугунан эки күндүн биринде жол кырсыгы катталууда
Новость KTRK/videograp

Борбор калаадагы жолдордун оңдолгону айрым ылдамдыкты сүйгөн айдоочуларга жага бербей эле калды. Жакында эле оңдоодон өткөн Калык Акиев көчөсү аркылуу сызып айдаган айдоочулар, Фрунзе жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишен көп жол кырсыгына катталууда. 

Жакынкы күндөрдө эле эки жеңил автоунаа кагышып, бири оодарылып калган. Ушул көчөлөрдүн кесилишине жакын жашаган тургундар 2 айдын ичинде 21 жол кырсыгы болгонун айтышат. Мэрия тараптан тез арада жол чыракты орнотуу маселеси каралбаса, адам өмүрүнө кооптуулук жаралып жатканын билдирет бизге маалымат жөнөткөн окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.