Кыргызстандын аймагы санарипке өткөндөн бери телевидениени жакшылап көрө алышпай, элет жериндеги тургундардын шайы ооду. Кечке чарчап, кечинде сыналгы жандыргандар катып-катып же чыбырчыктап көргөзгөн телеканалдарды карап кыжыры кайнашат.
Биздин рубрика ачылгандан бери, ушул маселенин тегерегинде аймактардын ар айылдарынан жардам сурап кайрылып жатышат. Санариптин айынан өзүбүздүн телеканалдарды көрбөй, коңшулаш өлкөлөрдүн берүүлөрүн көргөнгө аргасыз болуп жатабыз, дешет алар.
Бул жолу Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Кудургу жана Ой Булак айылдарынын тургундары кайрылышкан. Аталган айылдарда дагы санарип кошулгандан бери, тургундар телевидениени толук кандуу көрө албай калышкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.