Кара-Кече көмүр кенинин жанынан аккан сууга көмүр төгүлүп, анын айланасында өскөн карагайлар куурап жатканын ошол жерде жүргөндөр видеого тартып алышкан. Көмүр төгүлүп калган сууну төмөнкү айыл тургундары таза суу катары пайдаланышат. Кенди иштеткен компания жаратылышка жана элдин ден-соолугуна зыянын тийгизүүдө - дейт бизге маалымат жөнөкөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.