Жамгыр жааган сайын, колот менен топтолгон суу көчөбүздү сел болуп келип каптап өтөт. Айыл тургундарынын айласы кетти. Жылына көчөгө шагыл төгүп, түздөтөбүз. Бирок сел толугу менен шыпырып кетет. Мындай сууну атайын техника менен каздырып, башка сайга бурбаса, биздин колдон келээр эмес. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ушул маселебизди чечип берип коюшса, деген кайрылуусун жөнөтүшкөн Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Карабаев Аскербай көчөсүндө жашаган тургундар.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.