Элдик репортер: Шаардын борбордук көчөсүндөгү кейиштүү абал
Новость

Элдик репортер рубрикасына шаар тургуну борбордук жолдун кейиштүү абалы жөнүндө маалымдама жиберген.

Бул И.Ахунбаев атындагы көчө. Трассада авто унаалар жакшы эле жүрүп атышат. Трассаны бат-баттан оңдоп турушат. Бирок ушул канча оңдошсо дагы аллеясына жетпей коюшту. Жолдун четинде көп кабаттуу үйлөр көп. Ата-энелер балдары менен эшикке чыккан аллеяда жакшыраак басууга мүмкүн эмес. Жолдун абалы жан кейитээрлик, - деп билдирет окурман. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.