Бизде "өкмөттүкү, демек бекер" деген түшүнүк каныбызга сиңип калгандай. "Элдик репортер" рубрикасына ушул убакытка чейин күндүз да күйүп турган прожекторлор тууралуу 2 жолу маалымдама чыгарганбыз, бүгүн дагы шаар тургуну ушул темада видео материал жиберген. Видеодон Ленин районуна караштуу Кудайберген базарынын жаны экенин көрүүгө болот.
Бул прожекторлордун өчпөгөнүнө бир айдан ашты. Дайыма күйүп тургандыктан кээ бирөөсүнүн лампочкалары күйүп кеткен-деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.