Бишкек шаарындагы Биринчи май районундагы "Манас ордо" жаңы конушунда унаа жолунда балдар футбол ойношот. Ал эми бул жолдон унаалар тынбай өтүп турат. Футбол аянтчасына абдан муктаж болуп жатабыз. Жакында эле ушул жолдон эки баланы унаа сүзүп, бирөөсү каза болуп, бирөө жаракат алды. Балдардын келечегин ойлоп футбол аянтча куруп беришсе жакшы болмок,- деп кайрылып өткөн окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.