Элдик репортер: Жолдун ортосунан аккан сел, автоунаалардын тыгынын жаратты
Новость KTRK/videograp

18-августта Кажы-Сай менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосунда чоң автоунаалардын тыгыны жаралган. Буга себеп, жолдун ортосунан агып жаткан сел  болгон. 

Селдин агымы катуу болгондуктан, унаалар бир топ убакытка чейин күтүүгө аргасыз болушкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында бул биринчи көрүнүш эмес, жамгыр жааса эле ушундай болуп ылай аралашкан сел келип, жолдун ортосун бууп калат. Окуя болгон жерден тартылып алынган видео: