Элдик репортер: Канализациядан суу ашып, айланага жагымсыз жыт таралууда
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну борбордук көчөнүн боюндагы Мамытов көчөсүндөгү канализацияга калдыктар тыгылып калып, суу сыртка ташып, үйлөрдүн каптай баштаганы жөнүндө маалымдама жиберген. Баарыбыз эле билсек керек канализацияда кандай суулар агаарын.

Кимге гана кайрылган жокпуз, эч ким көңүл бурган жок. Жашоочулар чыккан жыттан терезебизди ача албай калдык, а эшикте жай, ысык, -деп кошумчалаган видеосун жаны ачыган окурман. 

Айыл өкмөтү ушундай маселелерге көңүл бурбай эмне иш менен алек болуп атышты экен?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.