"Ош" базарына барып, ушул жагдайга туш болдук. Маалыматты сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүк - дейт бизге кайрылган окурман. Анын айтымында Киев - Павлов көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрөгө жакын жерди тосуп алып, акча төлөнүүчү унаа токтото турган жайга айландырып алышкан.
Жолдун так ортосун унаа токтотуучу жайга айландырып, каалагандай калчагандар кимдер? Бул суроого жооптуу мэриянын тиешелүү кызматкерлери үн катып, жооп берет деген үмүттөбүз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.