Элдик репортер: Улгайган адамдарды убарага салган банк кызматкерлери
Новость KTRK/videograp

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы РСК банкта кезек күткөн адамдардын саны көп. Алардын көпчүлүгүн пенсиясын алууга келген улгайган кары адамдар түзөт. Бирок ушундай жагдайга карабай аларды бир гана банк кызматкери тейлеп жатат.

Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын билдирүүсүндө пенсия алам деп алыстан ат арытып келгендер 2-3 күн убара болуп жүрүшөт экен. Мындай көрүнүш ай сайын пенсия аларда кайталанып, улгайган жана балалуу аялдарды бир топ түйшүккө салат. Бирок банк тараптан ушул көйгөйдү чечүүгө эч кандай чара колдонулбай келет. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.