Элдик репортер: Курман айтта Чолпон-Ата - Бишкек каттамына жол кирени 2 эсеге көтөрүп жиберишти
Новость KTRK/videograp

Курман айт күнү Чолпон-Атадагы вокзалдан Бишкекке каттаган  маршруттук унаалар жол кирени 2 эсеге көтөрүп ийишкен. Буга нааразы болгон жүргүнчүлөр менен айдоочулардын ортосунда бир топко чейин талаш-тартыш болгон. Ал эми айдоочулар жол киренин көтөрүлгөнүн унаалардын аздыгына шылтоолоп тим болушкан. 

Мындай жагдай майрам күндөрүнө туш келгенде дайыма кайталанат. Айдоочулар өз билемдикке салып, жол кирени ошол жерде иштеген тейлөөчүлөр менен каалаган баада көтөрүп алышат. Өкмөт тарабынан атайын көзөмөлдөөчү орган жокпу? Мындай башаламандыкты ким токтотот- деп суроо салат бизге маалымат жөнөткөн окурман жалпы жүргүнчүлөрдүн атынан.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.