Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Коңур-Өлөң айлынын жашоочулары негизинен мал чарбасы менен алектенет. Сүрөттө көрүп тургандай бул көпүрө менен унаалар жүгүн жүктөп малын айдап өтүшөт. Бул айылдын эли өздөрүн тобокелге салышат. Өтө коркунучтуу суу кирип көпүрөгө жетип турат. Ушуну кайрадан унаалар өткөнгө ылайыктап куруп берсе жакшы болот эле. Өкмөт жардам берсе деген тилегибиз бар,- деп айылдын тургундары "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.