Бул ишкана Сокулук району менен Ала -Тоо жаңы конушунун чектешкен жеринде жайгашкан. 2-3 жыл мурда тургундар экологияга терс таасирин тийгизип жатат деп, экологдорго жана башка жерлерге кайрылышкан. Бирок эч жыйынтык чыккан эмес. Бул ишкана негизинен эл жашаган аймактан сырткары болуш керек эле. Тургундардын айтуусу боюнча, кытайларга тиешелүү экендигин айтышат. Бирок кыргыз аялга катталган. Анын айтымында,
өзгөчө эртең менен кара түтүн чыгат. Элдин тынчын алып, түн бою зыңылдап иштейт. Кеч киргенде жумуш катуу башталат. Ишкана иштетилип баштагандан бери, бул жерде жашаган тургундардын ден-соолуктарына терс таасирин тийгизип, ар кандай аллергия менен ооругандар көбөйдү, -деп "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.