Кызыл-Кыя шаарында паспорт алуу иши тургундарды азапка салып бүттү. Кечке кезекке тургандары аз келгенсип, кийин ала турган паспортун айлап күтүшөт. Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын айтуусунда мөөнөтү мындан 8 ай мурун бүткөн паспортунун артын чуркап жүрүп, жаңысы эми гана колуна тийгени турат. Мындай көрүнүшкө нааразы болгон ал биз менен бөлүшүүнү туура көргөн.
Ал ортодо ымыркайы жарык дүйнөгө келип, паспортунун кечиккенинен ага дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген эмес. Күнүгө кезек күткөндөрдүн саны 100дөн ашып, тейлөө кызматы начар иш алып барууда. Документ алуу жол качан жеңилдетилет?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.