Элдик репортер: Жайлоодогу бала бакчада акысыз иштеген тарбиячы
Новость

Токтогул районунун Сары-Камыш айылындагылар жайкы мезгилде Тер-Жайлак жайлоосуна  көчүп чыгышат. Ушул жагдайга байланыштуу мындан 10 жыл мурун атайын бала бакча уюштурулган. Быйыл ал жерде 37 бала тарбиячынын көзөмөлүндө жүрдү. Алардын тарбиячысы Элмира Мамырова 10 жылдан бери айлык акысы жок эле тарбия берип келет. Мындай маалымат менен ата-энелердин бири биздин рубрикага бөлүшкөн.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.