Элдик репортер: Артык кылабыз деп, жолдун тамтыгын чыгарган жолчулар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген.

Ош-Баткен жолундагы Көк-Талаа жол участогундагы төшөлгөн асфальтты ремонт болот деп алып салышкан. Бирок мына 1,5 жылдан бери 10-15 км жол кейиштүү акыбалда, кантсе да бул мамлекеттик маанидеги жол, эл кайрылбаган жер калбады. Азербайжандык жол ондогон подрядчик компания эч кандай иш алып барбай жатат, - деп билдирет окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.