Кемин районунун Карал-Дөбө айылынын тургундары дагы Кыргызстандын аймагы санарипке өткөндөн бери, сыналгыны жеткиликтүү көрө албай келишет.
Мурун аба ырайы бузулганда тартпай калчу эле, азыр таптакыр көрсөтпөй калды. Анын айынан жайкы эс алуудагы балдарыбыз "Баластанды" көрө албай калышты. Бир эле Баластан эмес, кыргыз тилиндеги бир дагы канал тартпайт. Ушул маселени тиешелүү мекемелер эске алып коюшса, - дейт бизге маалымат жөнөткөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.