Элдик репортер: Жол чырак менен белгилер коюлбаган кесилиште сааттап тыгында турабыз
Новость KTRK/videograp

Борбор калаанын Щербаков менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырак турмай, атайын эскертүүчү жол белиглери да коюлган эмес. Айрыкча жол оңдолгондон бери бул жерде унаа кырсыгы көп катталчу болду. Күнүгө ушул жол аркылуу каттаган айдоочунун бизге жөнөткөн маалыматында, бул жерде жол талашып, кээде сааттап тыгында калышат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.