"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургундары башаламандыктын борбору болгон Ош базарындагы миң бир түркүн маселелердин бири жөнүндө маалымдама жөнөткөн.
Базарда радиоузел аябай көбөйүп кетти. 8ден 8ге чейин жаңырганы-жаңырган. Жаш гвардияга чейин угулат. Башыбыз жумуш аягына жетпей чыңалып ооруп чыгат. Көзөмөлдөөчү бирөө барбы? - деп билдирет окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.