Паспорт алуу жеңилдебей эле элди түйшүккө салып, бир топ татаалдашып кетти. Биздин рубрикага паспорт ала албай, саргайып кечке кезек күткөндөрдөн келген кайрылуулар көп. Кезек күткөндөрдүн арасында эмчектеги баласы менен жүргөндөр, мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана кары адамдар да бар.
Бул жолку кайрылуу Жалал-Абад шаарынан келген. Шаардын паспорт столунун тейлөө кызматына нааразы болгондор көп. Мекеменин ичинде, сыртында түртүшүп топтолгон адамдарды бир гана кызматкер тейлейт. Эмне үчүн мекеме жетекчиси мындай жагдайды чечүүгө аракет кылбайт?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.