"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну Аалы Токомбаев көчөсүндөгү мечиттин жанындагы тротуар деген аты эле бар көчөнүн бир бөлүгү жөнүндө видео жиберген.
Видеодо көргөндөй, жолго тротуар белгисин сызышкан да бирок уландысы жок, тротуар бүткөндөн кийин эле аллея экөөнүн ортосундагы арыктын үстү жабылган эмес. Жөө адамдар секирип, аттап эптеп өтүшөт, а коляскасы бар айымдар, кары-картаңдар кантип өтүшү керек?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.