Станция Ивановка жаңы конушунун тургундары айылында болгон маселелерди видеого тартып жиберишкен.
Өйдөңкү Лесхозное айылынын көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан суу канализация менен агып келип эки айылдын ортосундагы көпүрөнүн астына топтолууда. Канализациядан агып келген суудан кандай жыт чыгаарын баарыбыз эле жакшы билебиз да. Чыккан жыт биздин көпүрөгө жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына ыңгайсыздык жаратууда, - деп билдирет окурман.
Жана дагы окурман бактын башына илинген электр зымдарын дагы тарткан. Айыл башчысынын ишин ушундан билсек болот, айылда электр зымдары бакта илинип турат. Бул айыл мамлекеттен өзүнчө бөлүнүп калгандай. Айылда ген план дагы жок, проект чийилген эмес. Бири-биринин короосунан өтүшүп, башаламандык өкүм сүргөнүн көрүүгө болот.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.