Элдик репортер: Ак-Шыйрак айылындагы араң турган көпүрө
Новость KTRK/videograp

Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылына каттаган жолдогу Кара-Сай көпүрөсү совет убагында, 60-жылдардын башында курулган. Жеңил автоунаалар көпүрөдөн араң өтүшөт. Эгер кичине эле тайып кетсе, сууга түшүп кетүү коркунучу бар. Ал эми оор жүк ташыган автоунаалар суу азайган учурда тобокелге салып кечип өтүшөт. Көпүрөнүн абалы тууралуу жогорку жактагыларды деле кабардар кылганбыз. Убада беришет, бирок аткарышпайт,- деп кайрылат айыл тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.