Жети-Өгүз районунун Кызы-Суу айылында жамгыр жааганда агын суу гана эмес крандан ичкен таза суу дагы ылайланып кыпкызыл түскө айланат. Таза суу маселеси айыл тургундарынын көп жылдан берки чечилбей келген көйгөйлөрүнүн бири. Шайлоо алдында шайлана турган депутаттар убада беришет. Бирок убада ошол бойдон аткарылбай келет, - дейт бизге маалымат жөнөткөн айыл тургуну.
Таза суу маселеси Аймактарды өнүктүрүү жылында чечилип калабы деген үмүттөнгөн айыл тургундары көп. Ал эми айрым жерлерде атайын таза суу, сугат суу үчүн бөлүнгөн акча каражаты туура максатта жумшалбай, ортодо карапайым калк жабыр тартып келишет.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.