Элдик репортер: Санарип маселеси качан чечилет?
Новость KTRK/videograp

Элет элин санаага салган көйгөйлөрдүн бири санарип маселеси болууда. Кыргызстандын аймагы санарипке өткөндөн бери сыналгыны жеткиликтүү көрө албай кыйналган айыл аймактары көп. 

Санарипке өткөндөн бери сыналгы дегенди унута баштадык. Ресивер, заманбап телевизор да жардам бере албай койду. Биздин айылдын сигналын тиешелүү мекеменин адистери текшерип, жөнгө салып коюшса жакшы болот эле  - деп Токтогул районунун  Чоң-Арык айылынун тургуну биздин рубрика аркылуу кайрылууну чечкен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.