Элдик репортер: Таштанды убагында алынбай жатат
Новость

Жайдын ысык күнүндө, таштанды убагында алынбай, кабат үйлөрдө жашагандар айланага тараган сасык жыттан кыйналып жатышат. Таштанды урналарга толуп, андан ашкандары көрүнгөн жерде чачылып жатат. Ага кошумча, айрым жалкоолорго кудай берип, таштандыларын туш келди ыргыта баштады. Бир нерсе десең толуп калган урналарды шылтоолойт. 

Ушул жерде балдарыбыз ойноп жүрүшөт. Тазалык кызматынын биз жакка келбегенине 10 күндөн ашып баратат. Бул биринчи жолу эмес. Биз таштанды үчүн акчаны убагында төлөп жаткандан кийин, алар дагы өз убагында тазалап кетишсе жакшы болот эле, - деп кайрылган Кара-Көл шаарынын 7-көчөсүнүн жашоочусу.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.