Элдик репортер: Жергиликтүү бийликтегилердин жоопкерчилиги жоктугунан, таза суу талаага агып жатат
Новость KTRK/videograp

Таза суунун жетишсиздигинен кыйналган айылдардын катарында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу  Бөкөнбаев айылы да бар.  Айыл тургундары таза сууну чакалап,  ар кайсыл жерден ташып ичүүгө аргасыз. Таза суу айылга киргизилгенине көп эле болгон. Бирок жергиликтүү бийликтегилердин жоопкерчиликсиз мамилесинен, бузулган суу түтүктөрү оңдолбой, таза суу талаага агып жатат - деп билдирет бизге маалымат жөнөткөн айыл тургуну.




Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.