Элдик репортер: Мэриянын имараты каралбай калганбы?
Новость KTRK/videograp

Ош шаардык мэриясынын имаратынын арты талкаланып, каралбай калыптыр. Бизге маалымат жөнөткөн окурмандын айтуусунда, имараттын артындагы фонтан иштебей, айланасындагы отургучтары сынып жатат. Мэриянын имараты башка мекемелерге күзгү катары көрүнүп, шаар тургундарын суктандырып турушу керек эле. Бирок мэрия буга баш ооруткусу келбейт окшойт. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.