Элдик репортер: Согушта курман болгондор эскерилчү жер, ичимдик ичүүчү жайга айланды
Новость KTRK/videograp

Ат-Башыга мындан 3 жыл мурун афган согушунда курман болгондорду эскерип туруу үчүн атайын эстелик курулган. Бирок тилекке каршы бул жер эскерүүчү жер эмес эле, көңүл ачып, ичимдик иче турган жайга айланып баратат. 

Бул тууралуу айыл өкмөтүнө, райондун акимине чейин кайрылып көрдүк. Бирок согуш курмандыктарына эч ким баш ооруткусу келген жок окшойт. Учурда айланасындагы отургучтар талкаланып, таштанды салынуучу урналар ичимдик идиштерине толуп турат. 



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.