"Оозу кыйшык болсо да, байдын кызы сүйлөсүн" болгон заманда байлар өз байлыгына таянып, эмне гана кылышууда. Кандай гана мыйзам бузуулар акча менен жабылып калууда. Бул кезек дагы Талас районунун тургуну 49 жылга көрктөндүрүүгө берилген жерди, көрктөндүрбөсө койсун, сатып ийгендиги жөнүндө маалымдама жиберген.
Бул 49-жылга көрктөндүрүүгө берилген жер. Бирок жанындагы "Жолболду" май куючу жайдын ээси тааныштары аркылуу сатып алып, тойкана куруп жатат. Бак-дарактардын баарын кыйып, ушул талаадан биздин короого барчуу арыкты да бууп коюшту - деп билдирет окурман. Мыйзамсыз курулуп жаткан тойкана Талас районунун Жон-Арык айылында жайгашкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.