Жогору жактагылар туризмди өнүктүрөбүз эле өнүктүрөбүз дешет бирок эң маанилүү аспекттерге эч эле көнүл бурушпайт. Жакында эле "Сүйүнчү беребиз жакшы слоган ойлоп тапкандарга" деп чыгышты. Канчалаган миллиондорду сарптап мамлекеттик казынадан Көчмөндөр оюндары өткөрүлгөн жатат. Бирок "Элдик репортер" рубрикасына жол, таштанды маселеси жөнүндө маалымдамалардын келгени-келген. Көл жээгинде таштанды урналары жокко эсе. Даараткана маселеси деле ошол. Бүгүн да Ысык-Көлдөн окурман этоно лагерге кетчүү кейиштүү абалдагы жолду видеого тартып жиберген.
Бул Тоң районундагы Боз-Салкын жайлоосуна барчуу жол. Жакында эле экс-президент Роза Отунбаева ушул жол менен этно лагерге өткөндө жолду "жымсалдап" коюшкан. Бирок жакшы оңдолбогондуктан, бир нече убакыттан кийин эле ошол ырайына келип калды, - деп билдирет окурман. Чындыгында, видеону көрүп бул авто унаа жүрүүгө ылайыкталган жол деп айтууга кыйын. Авто унаа эле эмес, жөө адамдын деле өтүүсүнө оор болот окшойт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.