"Элдик репортер" рубрикасына бир убакта көз жоосун алып, "престижный" деп эсептелинген Чолпон-Ата шаарындагы "Чолпон-Ата" эс алуу үйүнүн көл жээгинин (пляж) кейиштүү абалы жөнүндө видео материал жиберилген.
Чолпон-Атага сезондо канча туристтер барышат. Жакында өлкөдөгү эң масштабдуу иш-чара "Дүйнөлүк көчмөндөр оюну" өткөрүлгөнү жатат, ал эми көл жээгинде ушундай көрүнүш. Жергиликтүү бийлик эмнени карап жатты болду экен?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.