Элдик репортер: Сугат суу жетишпей, эгин күйүп кетти
Новость KTRK/videograp

Быйыл сугат суу көпчүлүк жерде тартыш болуп, жаз алды менен айдоо аянтынан башы чыкпаган дыйкандардын мээнети акталбай калды. Саргара күткөн суу кезеги келгенче, эгиндер күндүн апатабында күйүп кетти. Көпчүлүк аймактарда сугат суу үчүн курула турган каналдарга акча каражаты бөлүнгөнү менен, сол чөнтөккө солонуп курулуш иштери орто жолдо калып токтоп калган. Ал эми айрым жерлерде мурабдар туура бөлүштүрбөй, тааныш-билиштикке салып, кезек келгиче эккендерибиз куурап калды деп нааразы болгондору да бар. Мындай маалыматтар биздин рубрикага байма-бай келүүдө.

Бул жолу Токтогул районунун Мазар-Суу айылынын тургундары да ушул маселе боюнча бизге кайрылышкан. 14 жыл мурун башталган каналдын курулушу бүтпөй, айыл тургундары тоодон топтолуп келген азырак суунун көзүн карап, кезекке турушат. Быйыл ал суу дагы жетишпей көпчүлүгүнүн эгиндери күйүп кеткен.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.