Кыргызстан ичүүчү, таза сууга бай мамлекеттердин бири. Бирок Кыргызстандын бир канча айылдарында ичүүчү суусу жок отурат. "Таза суу" долбоорунун киргенине көп убакыт болсо да, учурдагы эң көйгөйлүү маселелердин бири, таза суу маселеси. Көпчүлүк айылдын жергиликтүү тургундары ылай аралашкан суу ичүүгө аргасыз. Мындан улам оору-сыркоо да көп болууда. Ушул эле маселе менен "Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз билдирүү жиберген.
Каракол шаарындагы Алтын-Казык кичи районунда иче турган таза суу кир. Жазында жайында ушинтип сууну тундуруп ичебиз. Сууну тундурган күндө деле түптөрүндө ылай калат. Качан суубуз тазаланат?-дейт билдирүүсүндө.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.