Лейлек районунун Интернационал айылындагы Тажикстанга чектеш жердеги көпүрө мындан 3 жыл мурун тендер жолу аркылуу утуп алган компания тарабынан курулган. Бирок курулду деген аты эле болбосо, сапаты жагынан эч кандай талапка жооп бере албайт.
Көпүрө бүткөндөн кийин, атайын текшерип өткөрүп алган комиссия болобу? Эгер текшерип алышса, минтип жыл айланып четине куюлган бетондор оюлуп, эки тарабына коюлган темирлери сынып, ийилип калбайт беле? Эгерде бир күнү суу катуу келсе, жөн эле жулуп кете турган абалда турат- дейт көпүрөнүн учурдагы абалын тартып жөнөткөн окурман.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.